Трамп Зеленскийдин Украина боюнча планын колдобой турганы боолголонууда

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин Украина боюнча планын колдобойт. Мындай пикирин Welt телеканалынын Украинада жүргөн кабарчысы Кристоф Вайнер айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Мунун баары Америка президенти тарабынан четке кагылат сыяктуу", — деген кабарчы Зеленскийдин Россиянын аймактык чечимдери боюнча койгон талаптары жөнүндө айтып жатып.
Журналист муну менен катар Киев режиминин башчысынын демилгесинде эч кандай конструктивдүү жоболор жок экенин, болгону коомчулуктун көңүлүн фронттогу кыйынчылыктарынан башкага буруп, ошол эле учурда өзүн тынчтыкты сактоочу катары көрсөтүү үчүн "медиачабуул" жасап жаткандай көрүнүп жатканын белгилеген.
"Бул, албетте, Украина президентинин кыска убакытка баштаган медиалык чабуулу", — деген Вайнер.
Эскерте кетсек, буга чейин Америка лидери Politico басылмасына курган маегинде Киев режиминин башчысынын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча бир дагы сунушу анын макулдугусуз күчүнө кирбей турганын айткан.
Жума күнү Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Украинанын жаңжалды жөнгө салуу боюнча сунушу Америка менен талкууланып жаткан варианттан бир топ айырмаланарын билдирген. Шаршембиде 20 пунктудан турган документ ЖМКларда жарыяланган. Аны журналисттерге Зеленский өзү бергендиги айтылат. Негизги жоболордун арасында төмөнкүлөр бар:
Россия талап кылган учурда да аскерлерди артка чыгаруудан баш тартуу;
НАТО уставынын бешинчи беренесине ылайык, коопсуздук кепилдигин алуу;
Запорожье атомдук электр станциясын Вашингтон менен биргеликте башкаруу;
Москва менен кол салбоо тууралуу келишимдерге Украина мыйзамы менен бекитпестен кол коюу;
Мындан тышкары, текст орус тилинин макамы боюнча эч кандай анык бир сунушту камтыган эмес.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин ЖМКлары Киевдин сунуштаган тынчтык планын жарыялашты. Эмнелер камтылды