БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Зеленский талап кылып жаткан Украина үчүн коопсуздук кепилдигин Батыш Россияга карата чагым үчүн пайдаланат. Бул тууралуу экономика боюнча америкалык аналитик Мартин Армстронг Х социалдык тармактагы баракчасында жазганын РИА Новости кабарлады.
"Бул — Евробиримдик менен НАТОго Россияны айыптап, чагымчылык кылып, Европа каалаган чоң масштабдагы согушту козутууга мүмкүндүк жаратуучу, таасири акырындан тие турган "бомба", — деп жазган ал.
Эксперт Украина боюнча жамааттык коргонуу жөнүндө жоболор камтылган кандай гана тынчтык план болбосун, андан абайлоо зарылдыгын да белгилеген.
Буга чейин Польшанын премьер-министри Дональд Туск Евробиримдик лидерлери Украина үчүн кепилдикти Зеленскийдин АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуусунан кийин талкуулашарын билдирген. Анын айтымында, талкуунун бардык катышуучулары Киев үчүн коопсуздук кепилдиги чечүүчү мааниге ээ деген бирдиктүү пикирде.
Мурдараак АКШ менен Украина делегациялары Берлинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Анда Туск Батыш өлкөлөрү Украинага НАТО уставынын бешинчи беренесиндеги коопсуздук кепилдигин берүүнү макулдашышканын билдирген. Анын ордуна америкалыктар киевдик режимден аймактардан баш тартууну талап кылышкан.
Ошол эле учурда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва менен Вашингтон Украина блоктон тышкаркы жана өзөктүк куралсыз мамлекеттүүлүгүнө кайтышы керек деген түшүнүккө келишкенин билдирген. Анын айтымында, так ушул нейтралитет шартында Россия 1991-жылы Украинанын көз карандысыздыгын тааныган.