Чуңкурчак тоо-лыжа базасында кышкы сезон расмий ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы Чуңкурчак тоо-лыжа базасында кышкы туристтик сезон расмий ачылды. Маалыматты президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү таратты.
Билдирүүгө ылайык, иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Азамат Осмонов, эс алуучулар, спорттун кышкы түрлөрүн сүйүүчүлөр жана жергиликтүү жашоочулар катышты. Осмонов ачылышта тоо-лыжа туризми менен спорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы багыттарынын бири экенин айтты.

"Бул туризм жана спорт тармагындагы маанилүү демилгелердин бири. Бүгүн активдүү эс алууну сүйгөндөр келип отурат. Мындай объектилердин өнүгүшү Чүйдөгү туристтик потенциалды жогорулатат", — деди ал.

Аталган тоо-лыжа базасы деңиз деңгээлинен 2100 метр бийиктикте жайгашып, таза абасы менен көпчүлүктү өзүнө тартат. Облустук администрациядан туристтик инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинде коопсуздук маселелер менен инженердик коммуникацияларды өнүктүрүү багытына каражат салган ички инвесторлорго мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын кошумчалашты.
Ошондой эле маалыматта тоо-лыжа базасына бара турган жол толугу менен асфальтталганы, элдин ыңгайлуу шартта коопсуз эс алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнү белгиленген.
Көлдүн тебеленди болгон аймактарына кам көрүү аракети жүрүп жатат