Бишкекте киши сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Жабырлануучу каза болуп калган

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бишкекте айдоочу жөө бараткан адамды сүзүп качып кеткен соң унаасынын номерин чечип, катып койгон. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-декабрда саат 23:04төр чамасында болгон. Hyundai Sonata унаасынын 21 жаштагы айдоочусу кишини 7-Апрель көчөсү менен бара жатып сүзгөн. Көз жумган адам 30 жашта экени айтылды.
Айдоочуга карата кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Республикалык психиатрия жана наркология борборунан анын ичип алганы аныкталган. Кайгуул кызматы автоунаа айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалганын белгиледи.
Баткен: айдоочу сүзүп алып, машинасына салып кеткен кишинин сөөгү эртеси табылды