Силердей адамдарды жек көрөм! Ташиев Ысык-Көлдөгү трассаны бүтпөгөндөрдү тилдеди

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Балыкчы — Барскоон жолундагы 141 чакырым аралык келе жаткан жылдын 31-августуна чейин жасалып бүтүшү керек. Мындай тапшырманы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жол курган подрядчы компанияларга берди.
Ал президенттин тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл облусунда жол курган подрядчы компания өкүлдөрү, атайын кызматтын аймактагы кызматкерлери, президенттин облустагы өкүлү, Транспорт министрлигинин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда Ташиев эми облустагы бир нече жылдан бери салынып бүтпөй жаткан жолдордун курулушун жеке көзөмөлүнө аларын айтты.
"Транспорт министрлигине айтып коеюн, эки күн калганда бизге 10 күн жетпей калды, жол белгилерин чие элекпиз же болбосо тротуарды бүтө элекпиз деп жүрбөгүлө. 100 пайыз бүтсүн. Бүтпөсө жеке өзүң жооп бересиң", — деди Ташиев.
Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан жолдор боюнча отчет угуп, иштин жылбай жатканына нааразы болду. Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү жолдорду беш жылдан бери куруп бүтпөгөн подрядчы компания башчысын жемелеп, акчаны алып, ишти аткарбай жаткандыгы үчүн зекиди.
"Келишимди түзүп, колду коюп, акчаны алып коюп жүрө бересиңерби? Бизди эч ким текшербейт деп ойлойсуңарбы? Бир жылда иштин 5 пайызын аткарыптырсың. Уялбайсыңарбы? 508 млн сомдук келишимде 5,5 чакырым жол экен. Акчанын дээрлик 70 пайызын алыпсыңар. Жыйынтык кана? Силерге убал жок, мамлекетке мындай мамиле жасагандарды укмуш жек көрөм, аябайм", — деди Ташиев.
Ал жыйында жолдун бир нече бөлүгүн айтылган мөөнөттө бүтүрбөгөн бул ишкананын негиздөөчүсүн кармоону тапшырган. Көп өтпөй УКМК Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун курулушу менен алектенген подрядчы компаниянын негиздөөчүсү кармалганын маалымдаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолдун үч участогунда жүргүзүлгөн текшерүүдө "Кыргыз жол курулуш" ЖЧКсы келишимдин шарттарын аткарбаганы, курулуш мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерди бузганы аныкталган. Бул жагдай жол куруу иштеринин өз убагында аяктабай калышына алып келген.
"Мага эл керек!" Ташиев ага тургундарды жакындатпай койгон Баткен бийлигин зекиди