Балыкчы — Барскоон жолундагы 141 чакырым аралык келе жаткан жылдын 31-августуна чейин жасалып бүтүшү керек. Мындай тапшырманы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жол курган подрядчы компанияларга берди. Ал президенттин тапшырмасынын негизинде Ысык-Көл облусунда жол курган подрядчы компания өкүлдөрү, атайын кызматтын аймактагы кызматкерлери, президенттин облустагы өкүлү, Транспорт министрлигинин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда Ташиев эми облустагы бир нече жылдан бери салынып бүтпөй жаткан жолдордун курулушун жеке көзөмөлүнө аларын айтты. Жыйындын жүрүшүндө УКМК төрагасы Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан жолдор боюнча отчет угуп, иштин жылбай жатканына нааразы болду. Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү жолдорду беш жылдан бери куруп бүтпөгөн подрядчы компания башчысын жемелеп, акчаны алып, ишти аткарбай жаткандыгы үчүн зекиди. Ал жыйында жолдун бир нече бөлүгүн айтылган мөөнөттө бүтүрбөгөн бул ишкананын негиздөөчүсүн кармоону тапшырган. Көп өтпөй УКМК Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун курулушу менен алектенген подрядчы компаниянын негиздөөчүсү кармалганын маалымдаган. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолдун үч участогунда жүргүзүлгөн текшерүүдө "Кыргыз жол курулуш" ЖЧКсы келишимдин шарттарын аткарбаганы, курулуш мөөнөттөрүн жана техникалык ченемдерди бузганы аныкталган. Бул жагдай жол куруу иштеринин өз убагында аяктабай калышына алып келген.
Бишкектеги "Жаштык аренада" балдар үчүн мэрдин жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык администрациянын маалымат кызматы билдирди.Майрамдык иш-чарага жакшы окуган, мектептеги коомдук иштерге активдүү катышкан, шаардык жана республикалык сынактардан жеңген окуучулар, ошондой эле көп балалуу жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн болжол менен 3000 бала катышты. Кичинекей коноктор үчүн кызыктуу майрамдык программа даярдалган. Балаты майрамына Бишкек мэри Айбек Жунушалиев, балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов келишкен. Шаар башчысы балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, бекем ден соолук, окууда ийгиликтерди, чыгармачылык жетишкендиктерди, бактылуу балалыкты жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.
Спорт агенттиги жыйынтык чыгарып Айпери Медет кызы менен Омар Ливазаны жылдын мыкты спортчулары деп тапты. Айпери дүйнө жана Азия чемпионаттарынын байге ээси, Токио Олимпиадасынын катышуучусу. Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып күмүш медаль тагынган алгачкы кыргызстандык мушкер.