Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандар көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирхан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди. Анын айтымында, тумоо жогорку температура жана кургак, тамакты кычыштырган жөтөл менен коштолот. Көкүрөк туш ооруксунат. Үч күндөн кийин да температура түшпөсө, жөтөл күчөсө, дем кысылып же көкүрөк туш ооруса кеселдин күчөп жатканынан кабар берет. “Балдарда жогорку температура менен кошо эс-учун жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Тумоо абдан тез өнүгөт. Ал эми өз алдынча дарыланууда оор пневмония үчүнчү суткада эле пайда болушу ыктымал. Бул тумоонун кооптуулугу өпкөгө зыян берүү менен эле чектелбейт. Анын токсиндери жүрөккө жана бөйрөккө залакасын тийгизип, оор учурларда мээнин шишигине чейин алып келиши мүмкүн”, — деген дарыгер.
Бийлик күйөөсү атып өлтүргөн аялдын балдарына жардам берерин УКМКдан кабарлашты. Атайын кызмат бүгүн, 27-декабрда, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде маркумдун улуу баласы менен жолугушуу өткөнүн билдирди. Бийлик үч балага көмөк көрсөтүп, ипотекалык кредитин жапканга жана улуу баласын жумушка орноштурууга жардам берерин убадалаган. Ошондой эле үч баланын тең окуусу төлөнөрү айтылды. Кечээ маркумдун 19 жаштагы уулу социалдык тармак аркылуу президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган. Ал үй-бүлө жашап жаткан батир ипотека аркылуу алынганын, аны апасы төлөп келгенин айткан. Жигит ипотеканын дагы 2 миллион сому калганын кошумчалап, жардам берүүнү өтүнгөн.
Шылуундар кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоолордун шилтемелерин массалык түрдө жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Маалыматка караганда, кылмышкерлер мамлекеттик органдардан, банктардан же белгилүү адамдардан келгендей кылып, акчалай сыйлык, бонус же белек убада кылган билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. “Мындай шилтемелерге кирген жарандардан жеке маалыматтарын, банк карталарынын реквизиттерин же тастыктоо коддорун киргизүү талап кылынат. Бул маалыматтар кийинчерээк акча уурдоого жана аккаунттарды бузууга колдонулат”, — деди милиция. ИИМ жарандарды этият болууга, шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана тааныш адамдан келгендей сезилсе да жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды.
Бишкекте электр энергиясын өндүргөн алгачкы таштанды өрттөөчү завод ачылды. Ишкана жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 МВт электр энергиясын өндүрөт. Инвестициянын көлөмү 95 миллион долларды түздү. Заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Ал "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест" ЖЧКсынын директору Дай Дао Бишкектин экологиялык абалын жаршыртууга кошкон салымы жана 95 миллион долларлык инвестициясы үчүн Достук ордени менен сыйланарын белгиледи. Ушундай эле заводду Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларына куруу пландалууда.