Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Таштанды иштетүүчү заводдун башкы директору “Достук” ордени менен сыйланарын Садыр Жапаров ишкананын ачылышында билдирди Президент "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест" ЖЧКсы Дай Дао Бишкектин экологиялык абалын жаршыртууга кошкон салымы жана 95 млн долларлык инвестициясы үчүн сыйланарын белгиледи. “Завод 12 гектар жерге салынган. 35 млн долларга бааланган долбоорду инвестор толугу менен каржылаган. Ишкана жылына 365 миң таштандыны кайра иштетет. Мындан тышкары, кубаттуулугу 30 МВт саат болгон электрстанциясы курулду”, — деди Жапаров.
Жаңы жыл майрамдарынын алдында жана узакка созулган каникул мезгилинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган кошумча чаралар комплексин ишке ашырат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул күндөрү массалык иш-чаралардын саны салттуу түрдө көбөйөт, эс алуу жайларында, соода борборлорунда жана аянттарда адамдардын агымы артат, ошондой эле транспорттук инфраструктурага түшкөн жүк көбөйөт. «Ошондуктан ички иштер органдарынын кызматкерлери 29-декабрдан тарта күчөтүлгөн кызмат өтөө тартибине өтүшөт. Азыркы учурда республика аймагында “Коомдук тартип” аттуу комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлүүдө. Анын алкагында “Арсенал”, “Пиротехника”, “Антирэкет”, “Кароосуз калган балдар”, “Кайырчы”, “Издөө”, “Каракчы”, “Ууру”, “Түнкү өспүрүм” аттуу рейддер өткөрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Жаңы жыл майрамдарына байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымынын өсүшүнө карата Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек шаарынан кошумча шаар аралык каттамдарды уюштуруу үчүн автобустардын резервин түздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, автобустар жүргүнчүлөрдүн чыныгы агымына жараша ишке киргизилет. 27–31-декабрь күндөрү резервге алты автобус коюлду: Бишкек — Каракол каттамы боюнча экиден жана Бишкек — Нарын багыты боюнча эки автобус. Ошондой эле «Ак-Кула» автовокзалынан 22–27-декабрь күндөрү Бишкек — Талас багыты боюнча бир автобус резервде турат, ал эми 27–31-декабрь аралыгында чоң сыйымдуулуктагы эки автобус резервге коюлат. Зарылчылык жаралса, алар да кошумча каттамдарга чыгарылат.
Ош улуттук драма театрынын «Курманжан» спектакли Кокондо көрсөтүлдү С. Ибрагимов атындагы Ош улуттук драма театры гастролдук сапардын алкагында Өзбекстандын Кокон шаарында «Курманжан» спектаклин тартуулады. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Спектакль Кыргызстандын эл акыны Сооронбай Жусуевдин чыгармасынын негизинде коюлган. Театр жамаатын Кокон музыкалык-драма театры жылуу тосуп алды. Тараптар маданий байланыштарды чыңдоонун жана чыгармачыл кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Кокондук көрүүчүлөр Курманжан датканын өмүрү менен эрдигине арналган спектаклди жогору баалап, коюлуштун эмоционалдык тереңдигин жана көркөм деңгээлин өзгөчө белгилешти.