БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бийлик күйөөсү атып өлтүргөн аялдын балдарына жардам берерин УКМКдан кабарлашты.
Атайын кызмат бүгүн, 27-декабрда, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын негизинде маркумдун улуу баласы менен жолугушуу өткөнүн билдирди. Бийлик үч балага көмөк көрсөтүп, ипотекалык кредитин жапканга жана улуу баласын жумушка орноштурууга жардам берерин убадалаган. Ошондой эле үч баланын тең окуусу төлөнөрү айтылды.
Кечээ маркумдун 19 жаштагы уулу социалдык тармак аркылуу президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган. Ал үй-бүлө жашап жаткан батир ипотека аркылуу алынганын, аны апасы төлөп келгенин айткан. Жигит ипотеканын дагы 2 миллион сому калганын кошумчалап, жардам берүүнү өтүнгөн.