БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Республикада “Гонконг тумоосу” деп аталган сасык тумоого чалдыккандардын көбөйүп жатат. Инфекционист дарыгер Дамирхан Чыныева бул оору кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымат берди.
Анын айтымында, тумоо жогорку температура жана кургак, тамакты кычыштырган жөтөл менен коштолот. Көкүрөк туш ооруксунат. Үч күндөн кийин да температура түшпөсө, жөтөл күчөсө, дем кысылып же көкүрөк туш ооруса оорунун күчөп жатканынан кабар берет.
“Балдарда жогорку температура менен кошо эс учун жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Тумоо абдан тез өнүгөт. Ал эми өз алдынча дарыланууда оор пневмония үчүнчү суткада эле пайда болушу ыктымал. Бул тумоонун кооптуулугу өпкөгө зыян берүү менен эле чектелбейт. Анын токсиндери жүрөккө жана бөйрөккө залакасын тийгизип, оор учурларда мээнин шишигине чейин алып келиши мүмкүн” — деген дарыгер.