БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 2026-жылдын 1-январынан тартып мигранттар орус тилин билүү боюнча тестирлөөнү жалаң гана компьютер аркылуу жана дистанциялык технологияларды колдонуу менен тапшыра башташат. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.
Учурда бул чараны ишке ашыруу боюнча даярдык иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Мында сынак тапшырууну ачык-айкын уюштуруу, билимди баалоодо адам факторунун таасирин азайтууга көңүл бурулууда.
“2026-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик мекемелер орус тили (чет тили катары), Россиянын тарыхы жана Россия мыйзамдарынын негиздери боюнча экзаменди жалаң гана компьютердик жана дистанциялык технологияларды колдонуу менен өткөрүүгө милдеттүү”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өзгөртүүлөргө ылайык, экзамендик тапшырмалар ай сайын жаңыртылып турат жана мурдагыдай жоопторду ачык булактарга жайгаштыруу токтотулары айтылды.
Бүгүнкү күндө экзамен тапшыруу мүмкүнчүлүгү Россия Федерациясынын бардык субъектилеринде жана анын чегинен тышкары жайгашкан 203 пунктта уюштурулган. Жараянга көзөмөл жана көз салуу иштерин Рособрнадзор жүргүзөт.