БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бүгүн, 27-декабрда, Ак-Суу районунда УКМКнын Ысык-Көл боюнча бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.
Имараттын ачылыш аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Маалыматта 18 сотых жерде жайгашкан имарат эки кабаттуу болуп, анда бардык заманбап шарттар бар экени айтылат.
Ташиев ушуну менен Көлдө УКМК кызматкерлери үчүн бардык имараттар жаңыланып бүткөнүн кошумчалады.