ИИМ дүйшөмбүдөн тарта массалык рейд жүргүзөт. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. ИИМ 29-декабрдан тарта өлкөдө массалык рейддер өтөрүн билдирди.
Тартип сакчылары жаңы жылдык майрамда массалык иш-чаралардын көбөйүшүнөн улам күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтөт. Узакка созулган жаңы жылдык каникулда милиция “Арсенал”, “Пиротехника”, “Антирэкет”, “Кароосуз калгандар”, “Кайырчы”, “Издөө”, “Тоноочу”, “Ууру”, “Өспүрүм түн” жана башка рейддерди жүргүзөт.
Өкмөт жаңы жылдык каникулду 12-январга чейин узартты