ИИМ: шылуундар жаңы жыл менен куттуктаган шилтемелерди таратып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Шылуундар кыргызстандыктарга жаңы жылдык куттуктоолордун шилтемелерин массалык түрдө жөнөтүп жатышат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышкерлер мамлекеттик органдардан, банктардан жебелгилүү адамдардан келгендей кылып, акчалай сыйлык, бонус же белек убада кылган билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө.
“Мындай шилтемелерге кирген жарандардан жеке маалыматтарын, банк карталарынын реквизиттерин же тастыктоо коддорун киргизүү талап кылынат. Бул маалыматтар кийинчерээк акча уурдоого жана аккаунттарды бузууга колдонулат”, — деди милиция.
ИИМ жарандарды этият болууга, шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана тааныш адамдан келгендей сезилсе да жеке маалыматтарды бербөөгө чакырды.
Бишкекте банк кызматкеринин атын жамынган шылуун кармалды