Бишкекте таштанды өрттөгөн завод ишке кирди. Видео

Бишкекте электр энергиясын өндүргөн алгачкы таштанды өрттөөчү завод ачылды.
Sputnik
Ишкана жылына 365 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 30 МВт электр энергиясын өндүрөт. Инвестициянын көлөмү 95 миллион долларды түздү.
Заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты. Ал "Цзюньсинь Хуаньбао Кей Жи Инвест" ЖЧКсы Дай Дао Бишкектин экологиялык абалын жаршыртууга кошкон салымы жана 95 миллион долларлык инвестициясы үчүн Достук ордени менен сыйланарын белгиледи.
Ушундай эле заводду Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында куруу пландалууда.