Жапаров Бишкектеги таштандыдан электр энергиясын өндүргөн заводду ачып берди

Sputnik
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Бишкектин четинде таштандыны өрттөп, электр энергиясын өндүргөн завод расмий ачылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чарага катышкан президент Садыр Жапаров эко-технологиялык завод Борбор Азияда аналогу жок, таштандыны утилдештирүү аркылуу электр кубатын өндүрүүчү биринчи ишкана экенин белгиледи.
“Долбоорго 95 миллион доллар инвестиция салынды. Эки жылдык мөөнөттүн ордуна, бир жарым жылда курулуп бүттү. Жылына 365 миң тонна таштанды иштетилип, саатына 30 МВт өндүргөн электр станциясы курулду. Азыркы этапта суткасына 1000 тонна таштанды иштетсе, кийинки этаптарда анын кубаттуулугу дагы артат”, — деген ал.
Шаардын таштанды полигону 1974-жылы ишке берилип, ошол бойдон тынымсыз иштеп, 20 миллион тонна таштанды топтолгону айтылды. Жаңы завод эски полигондун жанындагы 12 гектар жерге курулду.
Өлкөдө 1,5 жыл аралыгында жүн менен терини кайра иштеткен ири завод курулат