БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Садыр Жапаров Жер-Үй алтын кенин мамлекетке кайтаруу мүмкүн эместигин Элдик курултайда билдирди.
Президенттин айтымында, Жер-Үй Кумтөрдөн айырмаланып турат. Кумтөр алтынды иштетип, андан түшкөн пайданы банктагы 475 миллион доллар кредитти жапканга жумшаган. Мамлекетке бир тыйын салган эмес, афералыкка баргандыгы үчүн мамлекет аны алып койгон.
"Ал эми Жер-Үй беш адамга сатылып кетиптир, бири-бирине сатылып отуруп, 500 миллион доллардын тегерегинде чыгым кеткен экен. Жер-Үйдү 2015-жылдары дагы сатып жиберишкен. Анда 100 миллион доллар мамлекетке түшкөн, бирок жок болуп кеткен. Буга ошол маалдагы бийлик күнөөлүү. Андан сырткары, алар 350 миллион долларга фабрика салышкан. Жалпысынан Жер-Үй 1 миллиард доллар коротуп туруп иштетип жатат. Аны жөн эле тартып алганыбыз адилеттүүлүккө дагы жатпайт", — деди Жапаров.
Өлкө башчынын айтымында, Жер-Үйдө Кыргызстандын үлүшү жок болгону менен мамлекетке жылына 5,5 миллиард сом салык төлөйт. Андан сырткары, Таластагы фондго, айыл өкмөтүнө акча берип, мектеп, социалдык имараттарды салып берүүдө.
Эске сала кетсек, "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан өлкө бюджетине 2022-23-жылдары жылына 5 миллиард сом түшкөн болсо, 2025-жылдын 11 айында эле салыктык төлөмү 13,1 миллиард сомду түзгөн.