Жапаров: Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. IV Элдик курултайдын 71 делегаты мени алдаптыр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, курултайдын бүгүнкү жыйынында президент шайлоо маселесине токтолуп, көптөр добуш берүүгө барбай коюп жатканын айтып нааразы болгон. Ал ошондой эле залга кайрылып, делегаттардын кимиси соңку шайлоого барганын сурап, баргандардан кол көтөрүүсүн өтүнгөн.
"Залдагылардын бардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып жатканын да алдын ала эскерткем. Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдаганы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы IV Элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди", — деди Жапаров.
Ал аларды уят кылып аты-жөндөрүн ачыктабай турганын кошумчалаган.
Жапаров: шайлоого барууну милдеттендирүүчү мыйзам керек