БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында абанын булганышынын орточо жылдык көрсөткүчү акыркы жылдары төмөндөп жатат. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Ташыбек уулунун айтымында, көрсөткүчтөр абанын куб метринде зыяндуу заттардын миллиграммы менен өлчөнөт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу
© Sputnik / Акбар Акжигитов
2020-жылы орточо жылдык көрсөткүч 0,033 миллиграммды түзгөн. Ал эми 2021-жылы — 0,029, 2022-жылы — 0,040, 2023-жылы 0,034 болду. 2024-жылы болсо 0,023 миллиграммга чейин төмөндөгөн. Быйыл, 2025-жылы, абанын куб метрине 0,024 миллиграмм зыяндуу зат туура келүүдө.
Адис Бишкекте турак жай массивдери менен калктын саны көбөйүп жатканын, бул айлана-чөйрөгө кошумча жүк алып келерин белгиледи. Айтымында, маселени чечүү үчүн комплекстүү ыкма керек. Мунун ичине газдаштыруу, альтернативдүү жылытуу булактарын өнүктүрүү жана жарандардын "экологиялык аң-сезими" кирет.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин өкүлү калкты тиричилик калдыктарын, жалбырактарды жана таштандыларды өрттөөдөн баш тартууга чакырды.