ЕАЭБде 10 жыл. Кыргызстан эмнеге жетишти, кандай пайда тапты?

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭбге мүчө болгон 10 жыл ичинде экономикалык өсүш тездеп, экспорт кеңейди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип, өлкөнүн уюмга мүчө болгон мезгили ичиндеги ийгиликтери тууралуу айтты.
Министр белгилеген негизги жагдайлар төмөнкүлөр:
өнөр жай өндүрүшү дээрлик 10 пайызга өстү (ЕАЭС боюнча орточо 1,3 пайыз);
негизги капиталга инвестициялар 19 пайызга көбөйдү;
чекене соода 24 пайызга жогорулап, биримдиктеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду;
ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара товар жүгүртүү 2,2 эсеге (2,5 миллиард доллардан 5,5 миллиард долларга чейин), экспорт төрт эсеге көбөйдү (410 миллион доллардан 1,7 миллиард долларга чейин);
жеңил өнөр жай товарларын, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо арбыды. Текстиль товарларынын 78 пайызы, азык-түлүк жана агрардык продукциянын 60 пайызы уюм ичинде таркайт;
мурда дээрлик экспорттолбогон товарлар кескин өстү (мисалы, балык экспорту жети миң доллардан 9,8 миллион долларга жетти);
Кыргызстандын жарандары ЕАЭБ ичинде эркин иштеп, жүрүп-туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду, эмгек миграциясы мыйзамдашып, социалдык кепилдиктер кеңейди.
ЕАЭБ өлкөлөрү Индонезияга эмне сата алышат?