БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстан жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрү Индонезияга эмнелерди сата аларын ЕЭКтин интеграция жана макроэкномика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди.
Эске салсак, жекшемби күнү Москвада өткөн ЕАЭБ мамлекет башчыларынын саммитинде Индонезия менен эркин соода жүгүртүү боюнча макулдашууга кол коюлган. Муну менен бул өлкөгө кеткен экспорттун бажы алымы беш эсеге азаят.
Иманалиевдин айтымында, төмөнкү товарларга жеңилдиктер берилет:
дан эгиндери;
балык;
уй эти;
сүт азыктары;
минералдык суу;
көмүр;
жабдуулар жана башкалар.
Муну менен ЕАЭБде Индонезиянын электроникасы, кийим-кечеси, бут кийими жана башка товарлары жеткиликтүү болуп калат.