Жапаров: өлкө 2035-жылга чейин тышкы карызынан толук кутулуп бүтөт

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстан 2035-жылга чейин тышкы карызынан толук кутулуп бүтөрүн Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.
Өлкө башчысы 2030-жылга чейин жыл сайын төлөнчү сумманы да айтты:
2022 жыл — 392 миллион доллар;
2023 жыл — 595 миллион;
2024 жыл — 688 миллион;
2025 жыл — 857 миллион;
2026 жыл — 1 миллиард 48 миллион;
2027 жыл — 1 миллиард 277 миллион;
2028 жыл — 1 миллиард 326 миллион;
2029 жыл — 1 миллиард 326 миллион;
2030 жыл — 1 миллиард 201 миллион.
"2030-жылдан тарта сумма төмөндөй баштайт, 2035-жылга карата акыркы 30 жылда топтолгон карызды толугу менен төлөп бүтөбүз", — деди Жапаров.
Баа жана элиталык үйлөр: президент ипотеканын шарттарын түшүндүрдү