Радио

Тез жардам кызматына үч жаңы подстанция курулду

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Болот Абдылдаев аталган кызматтын учурдагы техникалык абалы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Учурда Тез жардам кызматында кадрдык маселе чечилгени менен техникалык көйгөй курч. Бул тууралуу Болот Абдылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен 117 885 чакыруу болгон.
"Медициналык тез жардам борборунда майрамбы же кадыресе күнбү, иш күнү окшош. Былтыркыга салыштыра келсек, чакыруулардын саны деле ошол деңгээлде. Бирок жол кырсыктарына чакыруулар көбөйүп кетти. Так себебин билбейбиз. Айрыкча АТРдин алкагында борборго кошулган жаңы конуштарда көп катталып жатат. Ал эми кан басымы, жүрөк оорусу өңдүү өнөкөт ооруларга күнүнө эле чакыра беришет. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы менен 117 885 чакыруу болгон. Анын ичинен 115 миңден ашыгына барып, тез жардам көрсөттүк. Суук түшкөнү сасык тумоо оорусу көбөйүп кеткендиктен да чакыруулар арбыйт", — деди Абдылдаев.
Ал белгилегендей, Тез жардам кызматында учурда техника жетишпейт.
"Бизде техникалык көйгөй курч. Азыр президенттин буйругу менен айлыгыбызга 20 миң сом кошулуп берилип калган. Ошондуктан врачтардын жетишпестиги боюнча көйгөй жок. Кошумча унаалар алынса врачтарды жумушка алып, бригадага ишке берет элек. Учурда Көк-Жарда, Маевка айылында жана Жал айылында үч көмөкчү подстанция курулду. Бирок Тез жардам машинасынын жоктугуна байланыштуу аларды ишке киргизе элекпиз. Бизге жүзгө жакын техника керек", — деди Абдылдаев.
Ал жаңы жылдан кийин президенттин тапшырмасы менен Тез жардам борборуна 40 техника алып берилиши мүмкүндүгүн кошумчалады.