БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстанда судьялардын иши оор болгондуктан мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда.
Тийиштүү мыйзам долбоорун президенттин администрациясы иштеп чыккан. Ага ылайык, судьялык иш тажырыйбасы 20 жылдан кем эмес болгон учурда, пенсия курагына жете электигине карабастан, ардактуу эс алууга чыгууга уруксат берилет.
Документте мындай шарт түзүү зарылдыгына төмөнкүдөй жүйөлөр келтирилген:
соттордун психофизиологиялык жүгү оор жана көпчүлүк жарандык кесиптер менен салыштырууга болбойт;
мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгү судьянын чарчаганына же иш жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө карабастан айлык акы үчүн гана иштөөнү улантуу коркунучун азайтат;
курактык өзгөрүүлөр менен топтолгон стресс ишти тез жана сапаттуу кароо жөндөмүнө терс таасирин тийгизет;
судьялар корпусун улам жаңыртып туруу мүмкүнчүлүгү жаралат.