БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Эл шайлоого катышууда аябай пассивдүү, добуш берүүнү милдеттендирген мыйзам зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда айтты.
Өлкө башчы 30-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого элдин 63 пайызы барбай койгонун белгилеген.
"Эл шайлоого катышууда аябай пассивдүүбүз, анан депутаттарды "чимкириктер" дейбиз. Добушун саткандар активдүү катышат экен. Добушун сатпагандар шайлоого барбай коет экен. 63% эл келбей койду. Балким, шайлоого милдеттүү баруу керек деген мыйзамды кабыл аларбыз", — деди президент.
Жапаров делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоодо бир талапкерге миң үгүтчү болбосун деген сунушту колдой турганын айтты. Ал депутаттардан үгүтчүлөрдүн санын 300 же 500гө түшүрүп коюуну суранарын белгилеген.
Президент 300 миң сомдук күрөөнү да байкап көрөрүн, аны 100 миң сомго түшүрүп койсо болорун кошумчалады.
Эскерте кетсек, IV Элдик курултай кечээ, 25-декабрда, башталган. Ага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардан турган 690 делегат катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү педагогдор (160) менен юристтер (163) экени айтылды.
Куралтайдын биринчи күнүндө делегаттар суроосун беришти. Бүгүн президент аларга жооп берди.