Баа жана элиталык үйлөр: президент ипотеканын шарттарын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 2030-жылга чейин айылдарда дагы үч-беш кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди.
Мамлекет башчы учурда МИКтин үйлөрүндөгү чарчы метрдин баасы Чүй облусунда 700 долларды, ал эми аймактарда толугу менен бүткөнү ("под ключ") 750 долларды түзүп жатканын айтты.
"Мен 2021-2022-жылдары жеке курулуш компанияларынын жетекчилерин чакырып, үйлөрдү 600-700 доллардан салып бергиле деп сурангам. Бирок алар күлүп, макул болбой коюшкан. Чарчы метрин миң доллардан болсо гана салабыз дешти. Айлабыз кеткенде "Кыргызстройсервис" деп мамлекеттик компания ачтык. "Мурас" конушун куруп жаткан ишкана чарчы метрин 700 доллардан куруп, мамлекетке өткөрүп берип жатат. Ал эми МИК калкка 950дөн 25 жылга берүүдө. Бул 250 доллардын ичине инфляция кирет", — деди Жапаров.
Өлкө башчы айрым ипотекалык батирлердин бир чарчы метри 1400 долларга жетип жаткан себебин дагы түшүндүрдү. Президенттин айтымында, Түштүк магистралдын жогору жагына элиталык үйлөр түшүп жатат.
"Бул жакшыртылган турак жайлар, аларды толук бүтүрүп берип жатабыз. Кайсы бир учурда мыйзамсыз менчиктеширилип кеткен жерлерге салынууда. Жакшы райондордо жайгашкан, колунан келгендер алат. Ушундай эле үйлөрдү курулуш компаниялары 2 000ден салып жатышат", — деди өлкө башчы.
Эскерте кетсек, IV Элдик курултай кечээ, 25-декабрда, башталган. Ага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардан турган 690 делегат катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү педагогдор (160) менен юристтер (163) экени айтылды.
Куралтайдын биринчи күнүндө делегаттар суроосун беришти. Бүгүн президент аларга жооп берди.
Бишкекте IV Элдик курултай кандай өтүүдө? Видео