БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу тартылган жоокердик-тарыхый жанрдагы "Өрт кечкен сөйкө" аттуу көркөм телесериалдын расмий бет ачары өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматкан караганда тасма "Кыргыз сериал" бирикмеси, Маданият министрлиги жана Коргоо министрлигинин колдоосу менен тартылган. Ал 8 сериядан туруп, ар бир сериясынын узактыгы 50 мүнөттү түзөт. Дүйнөлүк экинчи согушта фронтко аттанган кыргызстандык кыз-келиндердин, советтик жоокерлердин эрдигин даңазалайт.
"Чыныгы тарыхый окуяларга, реалдуу каармандардын тагдырларына негизделип тартылды. Советтер союзунун баатыры, учкуч Евдокия Пасько, хирург Рафа Айдарбекова, зенитчи Тамара Балтабаева баштаган согуштун каарман кыздарынын бейнеси камтылды. Ардагер акын, Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин, учкуч Абдыкерим Кармышаковдун образдары да чагылдырылды", — деп айтылат маалыматта.
Сериалдын бет ачары 29-декабрь күнү, саат 11:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Тасманы койгон ресжиссёр Мурат Мамбетов, бул күнү сериалдын кыскартылган нускасы көрсөтүлөрүн билдирди.