БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Орган алмаштырууда жакын тууганы гана донор боло алат деген мыйзам өзгөртүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда айтты.
Өлкө башчынын сөзү боюнча, соңку эки жылда өлкөдө 37 эле адам бөйрөгүн алмаштырган. Калгандарына донор жетишсиз.
"Органды жакын тууганы гана берсе болот деген мыйзам бар. Саламаттык сактоо министрилигинен аны таяке-жээндер менен кеңейтсекпи деген сунуш түштү. Элге талкууга чыгарып, депутаттар менен кеңешип кабыл алса болот", — деди өлкө башчы.
Эскерте кетсек, IV Элдик курултай кечээ, 25-декабрда, башталган. Ага өлкөнүн жети облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан жана чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардан турган 690 делегат катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү педагогдор (160) менен юристтер (163) экени айтылды.
Куралтайдын биринчи күнүндө делегаттар суроосун беришти. Бүгүн президент аларга жооп берди.