БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. 2025-жылы курулуш тармагындагы мыйзамсыз иштерге салынган айып пулдун көлөмү 132 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан 3 053 текшерүү иштери жүрүп, 2 290 протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, 2024-жылы салынган айып пулдун суммасы 120,1 миллион сомду түзсө, быйылкы көрсөткүч андан 9,9 пайызга жогору экени айтылат.