Керчь-Феодосия десанттык операциясындагы советтик аскерлердин каармандыгы. Видео

Улуу Ата Мекендик согушта, 1941-жылдын 26-декабрында, Керчь-Феодосия десанттык операциясы башталган.
Sputnik
Анда 51 жана 44-армияларды Керчь аймагына жана Феодосия портуна бир эле учурда десант түшүрүү аркылуу душмандын Керчтеги тобун курчоого алып, толук жок кылуу максаты коюлган. Бул советтик жоокерлер үчүн өтө тайманбастыкты талап кылган жана тобокелге салган план эле. Анткени авиациянын истребителдик коргоп туруусу жок болуп, Феодосия аймагын душман мина менен тосмолоп коюшу мүмкүн деген кооптуулук бар болчу.
Ал мезгилде Керчь жарым аралында Германиянын саны 25 миңге жеткен 42-армиялык корпусу жайгашкан. Душман кысыкта бир топ күчтүү деңиз флоту менен турган, анда бир топ танкалар, артиллериялык куралдар жана учактар бар эле.
Операциянын башталышын Азов аскердик-деңиз флотилиясынын штаб башчысы Аркадий Свердлов сүрөттөп жазганы бар.
"Сүйрөөчү тростор үзүлүп жатты. Майда кемелерди суу каптап кетти. Муздун арсайган катмарлары кемелердин капталдарын тешип жатты. Деңизчилер менен десантчылар бушлаттарын, калың пахта кийимдерин жыртык-тешиктерге тыгып, котелок, каскалары менен сууну сыртка чөмүчтөп төгүп жатышты", — деп жазган эскерүүсүндө.
Табияттын ушундай катаал шарттарына карабастан 26-30-декабрь күндөрү Керчь аймагына болжол менен 20 миңге жакын десантчы түшүрүлгөн. Кызыл армиянын ийгилиги жарылган бомбадай таасир калтырган. 30-декабрда советтик аскерлер Феодосияга десант түшүргөндөн кийин корпустун командири Ганс фон Шпонек курчоого алынгандан чочулап, немец аскерлерине жарым аралдан чегинүүгө буйрук берген. Бул чечимди жогорку командачылыктан радиобайланыш аркылуу артка чегинүүгө тыюу салган буйрук жеткиче электе кабыл алып жиберген...
Кийинчерээк артка чегинген дивизия Ардак белгилеринен ажыратылып, ал эми фон Шпонек ССтин (коргоо отряддарынын) рейхсфюрери Генрих Гиммлердин буйругу менен атылган.