Кайыңдыда топтошкон эркектер үч бир тууганды токмоктоп салышкан. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кайыңдыда топтошкон эркектер үч бир тууганды токмоктогон видео социалдык тармактарда тарап жатат.
Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда мушташ автоунаа жууган жайдын жанында болгон. 18-декабрь күнү 39 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 16-декабрда аны эки бир тууганы менен кошо эч кандай себепсиз эле бирөөлөр сабап кеткенин айтып арыз жазган. Окуя "Легаси" деп аталган автомончонун жанында болгонун, токмоктогондон кийин шектүүлөр таптырбай кеткенин билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголуп, шектүү катары 34, 29 жана 28 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалган. Милиция кол салууга катышкандардын калганын да издеп жатканы белгиленди.
Бишкектеги түнкү клубда массалык мушташ чыгып, беш киши кармалды. Видео