БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Кыргызстанда катализатору жок машиналарды алып-сатууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.
Ал Sputnik агенттигиндеги ыш менен күрөшүү боюнча брифингге катышып, демилгени Экономика министрлиги көтөргөнүн айтты.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу
© Sputnik / Акбар Акжигитов
"Мындай чара экологияны жакшыртууга багытталган. Ар бир үй-бүлөдө бирден-экиден машина бар. Эгер жеке жактардын техникалык кароосу милдеттүү болгондо, транспорт каражаттарын текшерүүгө мүмкүн болмок. Демилге жакынкы арада коомдук талкууга коюлушу керек", — деди Ташыбек уулу.
Катализаторлор зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керек, бирок алардын курамында баалуу металлдар бар болгондуктан чечип алып, сатып жиберген учурлар арбын.