БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкекте эки күнгө созулган IV Элдик курултай өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 690 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттарынын, ошондой эле диний конфессиялардын өкүлдөрү катышты. Анын ичинен 150 делегат жарыш сөзгө чыгып, актуалдуу маселелерди айтып, конкреттүү демилгелерди көтөрүштү.
"Курултайдын биринчи күнү президент катышуучуларга кайрылуу жасап, коомдук маанилүү маселелерди козгоп, өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарына токтолду. Мындан тышкары, онлайн-режимде бир эле учурда бүткүл өлкө боюнча 27 өнөр жай ишканасы ишке берилди. Ошондой эле 67 социалдык объектинин ачылышы болду", — деп жазылат маалыматта.
Делегаттар жалпы жонунан социалдык чөйрөнү, кайра иштетүү өнөр жайын жана инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу, ошондой эле айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо боюнча маселелерди көтөрүшкөн.