БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бийлик эл аралык аренада ийгилик жараткан спортчуларга батир берди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 25-декабрда өтүп, үйлөрдүн ачкычын УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев тапшырган.
Үйлүү болгон спортчулар:
Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү);
Асан Жанышов (грек-рим күрөшү);
Адилет Жапаркулов (эркин күрөш, Сурдлимпиада оюндарынын катышуучусу);
Смадияр Жумакадыров (грек-рим күрөшү, Сурдлимпиада оюндарынын катышуучусу);
Ихтияр Нишонов (бокс);
Омар Ливаза (бокс).