Пресс-борбор

Бишкек менен Чүй облусунда газдаштыруу кайсы этапта экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда газдаштыруу кайсы этапта экенин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу айтып берди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Ташыбек уулу
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
2025-жылы борбор калаада жана Чүй облусунун аймагындагы эл жашаган 105 айыл-шаардын ичинен 54ү газдаштырылды. Көгүлтүр от системасына 49 миң кожолук туташтырылды. Кышында газ менен 33 миң үй жылытылып жатат.
Өкмөт газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү программасын ишке ашырууда. 2023-жылы 12 пайыз менен берилген. Калк 2024-жылы сегиз, ал эми 2025-жылы үч пайыз менен ала баштады. Насыя жеке жактарга күрөөсүз жана кепилдиксиз эки жылдык мөөнөткө 150 миң сомго чейин берилет.
Быйыл Бишкекте 11 миң үй көгүлтүр отту пайдалана баштаса, Чүй облусунда бул сан 3 839га жеткен. Ташыбек уулу "Газпром" 2030-жылга чейин Бишкекти газдаштырып бүтүп, андан соң акырындык менен Чүй облусуна өтө тургандыгын кошумчалады.
Кыргызстан "Газпромдон" конуштарды газдаштырууга каржыны көбөйтүүнү сунуштады