БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин уулу Хантер Украинаны жыландын уясына салыштырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал өзүнүн украиналык Burisma газ компаниясындагы ишин катачылык катары сыпаттаган.
"Бул жаңылыштык болгон деп ойлойм. Украина жыландын уясындай болгон жер экен. Коррупциянын деңгээли азыр дагы таң калтырат", — деди Хантер Байден.
New York Post гезитинин маалыматына караганда, Хантердин Burisma компаниясындагы гонорары тармакта тажрыйбасы жок болсо да жылына бир миллион долларды түзгөн. Эми Хантер жалпысынан 15 миллион долларга жакын карызга батып, аны кантип төлөөнү билбей жатканын билдирүүдө.
2020-жылдын октябрь айында New York Post гезити Хантер Байдендин электрондук каттарын жарыялаган. Анда ал атасын (АКШнын вице-президенти болуп турганда) украиналык Burisma фирмасындагы жумуш берүүчүлөр менен тааныштырганы айтылган. Дональд Трамп Байдендин уулу аталган компанияны атасы менен байланыштырып бергени үчүн миллиондогон доллар алганын айтып чыккан. Жазышуу каттары Делавэр штатындагы техника оңдоочу жайлардын биринен табылган Хантер Байдендин ноутбугунан алынган деп болжолдонууда. Кийинчерээк ошол эле ноутбук президенттин уулунун баңгизат жана сойкулар менен түшкөн чуулгандуу сүрөттөрүнүн булагы болуп берген.