Бишкектин Айтматов проспекти кайрадан жабыла турган болду

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы проспект 1-январдан тарта кайрадан жабыла турганын мэрия билдирди.
Маалыматта трассанын Семетей көчөсүнөн баштап Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылары айтылат. Муниципалитет аталган аймакта жер алдындагы өтмөктөр менен аялдамалар куруларын белгиледи.
Эскерте кетсек, жаңы оңдолуп ачылган Айтматов проспектине дагы үч жер өтмөк салынарын калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирген. Анын айтымында, өтмөктөр Айтматов проспектине, түштүктү көздөй кеткенде Ыбырай Абдрахманов атындагы көчөгө жетпей жана андан өткөндөн кийин болуп үч жерге түшмөкчү.
Чүй проспектинин ЦУМдун тушундагы бөлүгү ачылды. Видео