Аялын атып өлтүрүүгө шектелген мурдагы милиционердин ишин УКМК иликтейт

Sputnik
БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген мурдагы милиция кызматкеринин ишин УКМК иликтейт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен аталган кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө кабыл алынып, ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иш башталды.
Эскерте кетсек, 23-декабрда үч баланын энеси күйөөсү тарабынан травматикалык курал менен өлтүрүлгөнү маалым болгон.
Катаал жаза алат! Ташиев атып өлтүрүлгөн аял боюнча үн кантты