БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. АКШда кылмышка шектелген украиналык мигранттар — постсоветтик мамлекеттерден барып кылмыш жасагандардын арасынан "эң начары". Рейтинг Американын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына карап түзүлгөнүн РИА Новости жазды.
Тизмеге АКШ бийлиги түрдүү кылмышка айыптап кармаган мигранттар кирген.
Министрликтин маалыматы боюнча, базада постсоветтик мамлекеттердин ичинен Украинадан баргандар көп. Тизмеде 27 киши бар. Алар баңгизат сатуу, сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар, анын ичинде жашы жете электер көргөн ыдык катталган, талап-тоноочулук, шылуунчулук, адам сатуу боюнча күнөөлөнүп келишет.