Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы 2025-жылдагы сезонун жыйынтыктап, алдыдагы өнүгүү багыттарын белгиледи. КПФЛдин жалпы жыйынында өткөн чемпионаттын жыйынтыктары талданып, 2026-жылга карата пландар сунушталды, ошондой эле лиганын курамын кеңейтүү чечими кабыл алынды. Бир добуштан кабыл алынган чечимге ылайык, КПФЛге “Азия” (Талас) жана “Токтогул” (Токтогул) клубдары кошулуп, 2026-жылдан тарта Кыргызстандын Жогорку Лигасында 16 клуб күч сынашат. Ошондой эле улуттук чемпионаттын аталышы “Премьер-Лигадан” “Жогорку Лигага” өзгөртүлүп, ата мекендик футболду жаңы деңгээлге чыгаруу максаты коюлду. Кененирээк Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Улукбек Айдарбеков маек курду.