Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аялдын окуясы боюнча ишти УКМК иликтемей болдуКытайда кайрадан 19 метрлик алп кар киши жасалдыБаа жана элиталык үйлөр: президент ипотеканын шарттарын түшүндүрдү. Алдыда кененирээк2030-жылга чейин айылдарда дагы үч-беш кабаттуу ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик курултайда билдирди. Мамлекет башчы учурда МИКтин үйлөрүндөгү чарчы метрдин баасы Чүй облусунда 700 долларды, ал эми аймактарда толугу менен бүткөнү ("под ключ") 750 долларды түзүп жатканын айтты. "Мен 2021-2022-жылдары жеке курулуш компанияларынын жетекчилерин чакырып, үйлөрдү 600-700 доллардан салып бергиле деп сурангам. Бирок алар күлүп, макул болбой коюшкан. Чарчы метрин миң доллардан болсо гана салабыз дешти. Айлабыз кеткенде "Кыргызстройсервис" деп мамлекеттик компания ачтык. "Мурас" конушун куруп жаткан ишкана чарчы метрин 700 доллардан куруп, мамлекетке өткөрүп берип жатат. Ал эми МИК калкка 950дөн 25 жылга берүүдө. Бул 250 доллардын ичине инфляция кирет", — деди Жапаров. Өлкө башчы айрым ипотекалык батирлердин бир чарчы метри 1400 долларга жетип жаткан себебин дагы түшүндүрдү. Президенттин айтымында, Түштүк магистралдын жогору жагына элиталык үйлөр түшүп жатат.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев угуусу начар балдарды жаңы жылдык белектер менен кубандырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, Ташиев Бишкектеги угуусу начар балдар билим алган интернатка капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин барган."Балдарга УКМКнын атынан жаңы жылдык белектер берилип, бир миллион сом каржылык колдоо көрсөтүлдү", – деп айтылат кабарда.
Аялын атып өлтүргөн мурда милиция кызматкеринин ишин мындан ары УКМК иликтейт. Бул тууралуу атайын кызмат билдирип, чечимдин себептерин түшүндүрдү. УКМКдан белгилешкендей, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда үч баланын энесин өз күйөөсү травматикалык курал менен атып өлтүргөнү кызуу талкууланууда. Маркумдун жакындары жана үй-бүлөсү үчүн орду толгус жоготуу жана кайгы алып келген бул кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Мында кармалган адамдын өздүгү да эске алынды, ал мурда ички иштер органдарынын кызматкери болуп иштеген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, бул кылмыш иши УКМКнын борбордук аппаратынын өндүрүшүнө кабыл алынып, тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, тергөө иштери башталды.
Кытайдын Харбин шаарынын түндүк-чыгыш аймагындагы кышкы туристтик сезондун негизги символдорунун бири болгон - алп кар киши кайрадан жасалып, коомчулукка көрсөтүлдү. Бул тууралуу Известия билдирет. Маалыматка ылайык, бийиктиги 19 метрге жеткен фигура 3,5 миң куб метрден ашуун кардан жасалып, кышкы туристик сезондун алкагында тургузулду. Аны жасоого табигый кардан сырткары, кар аткычтар (снежные пушки) колдонулуп, тыгыз жана тегиз текстура камсыздалган. Ачылыштан кийин эле туристтер салттуу кызыл шарф тагынган, тоголок жүздүү кар киши менен сүрөткө түшүү үчүн активдүү келе баштады. Долбоорго 64 скульптор жана 100дөн ашуун куруучу катышып, иш 11 күнгө созулган. Алгач 2019-жылы коммуналдык кызматкерлердин демилгеси катары башталган бул идея социалдык тармактарда кеңири популярдуулукка ээ болуп, жыл сайын өткөрүлүүчү туристтик символго айланды.