Жерге кам көрүп, түшүмдү мол ал — жер семирткичти кайсы убакта берген дурус?

Sputnik
Өлкөдө жер семирткичтердин баары чет мамлекеттерден – Россия, Казакстан жана Өзбекстандан импорттолот. Ушундан улам жер семирткичтердин баасы кымбаттап, дыйкандардын чыгымдары өсүп кеткен учурлар кездешет. Бул көз карандылыкты азайтуу үчүн республика өзүнүн жер семирткич өндүрүүчү ишканасын курууда. Бул тууралуу “Ачык кеп” программасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия бөлүмүнүн башкы адиси Аскар Сагынбаев маалымдады. Ал жер семирткич чачуудан мурда топурактын сапатын аныктап, кайсы убакта, кандай түрүн колдонуу керектигин так белгилеп алууну, муну менен түшүмдүүлүктү жогорулатууга болорун айтты. Эгер жер семирткичтин өлчөмү ашык же кем берилсе, өсүмдүктүн өсүшүнө жана түшүмдүн көлөмүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн.