"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасында жалпы беш автопарк бар. Ал жерлерде 1 523 автобус тейленет. Быйыл парктардын бардыгы толук реконструкцияланып, кызаткерлер үчүн шарттар түзүлдү. Автобустардын үзгүлтүксүз иштеши алардын техникалык абалына, өз убагында оңдолушуна жана запастык бөлүктөр менен камсыз болуусуна түздөн-түз байланыштуу. Бүгүнкү күндө тетиктердин запасы жетиштүү экенин аталган ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров билдирди. Мындан тышкары жолдордун абалы жакшырганын бирок жол тыгындары күйүүчү майдын көп сарпталышына жана графиктин бузулушуна алып келип жатканын айтты. Коомдук транспортту жакшыртуу, тургундардын күнүмдүк жашоосу үчүн шаардагы кыймылды жеңилдетүү максатында автобустар жүрүүчү жол чийиндери болот.