Ушул жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. Ага жалпысынан калктын 40 пайызга жакыны катышып, бир мандаттуу округдан аттанган 500гө жакын талапкердин ичинен 87си мандат алып, депутат болуп шайланды. Бир округдун шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо өтө турган болду. Парламенттин VIII чакырылышынын дагы бир өзгөчөлүгү мандаттардын 30 пайызы гендердик квотага бөлүндү. Биз бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда жалпы шайлоонун жүрүшү тууралуу кеп кылдык. Гендердик квотаны 50 пайызга чейин көтөрүш керек деген студиябыздын коногу саясат таануучу Бакыт Бакетаев дагы көптөгөн кызык пикирлерин айтты.