Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда бүгүн жаңы 27 өндүрүштүк ишкана, 67 социалдык мекеме Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайдын жыйынында онлайн тартипте ачылды. Анын ичинде логистикалык борборлор, сүттү кайра иштетүү цехтери жана асфальт-бетон заводдору бар. "Мындан тышкары, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана спорт залдардын ачылышы болду", — деди президенттин маалымат кызматы. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ушул жылы жалпы жонунан 291 социалдык объект, 119 ишкана ишке кирерин билдирди.
Парламенттин дагы да болсо мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөй турган функциялары бар. Бул туурасында ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Элдик курултайда айтты. Ал парламент ар дайым өлкөдөгү негизги бийлик бутагы болуп келгенин белгилеп, бүгүн деле ошол вазийпасын, өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жатат деген пикирин билдирди. "Парламенттин трибунасында өлкөгө, элге керектүү болгон маанилүү чечимдер сөзсүз кабыл алынат. Азыркы парламенттин бийлиги чектелген, алсыз деген сөздөргө кошулбайм. Анткени парламенттин дагы да болсо мыйзам чыгаруу жана кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлдөй турган функциялары бар. Эки мүмкүнчүлүк парламенттин дале күчтүү, дале орду бар экенин айгинелейт", – деди төрага.
Кыргызстан инвестициялык жагымдуулугун россиялык инвесторлор үчүн да айныксыз, туруктуу жогорулатып жатат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов айтты. Соода өкүлү Кыргызстанга болгон кызыгуунун өсүшү биринчи кезекте узак мөөнөттүү стратегиялык демилгелер менен байланыштуу экенин белгиледи. Россия республика үчүн мурдагыдай эле негизги инвесторлордун бири бойдон калууда. Ал эми салынган инвестициялардын көлөмү боюнча алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Саманов белгилегендей, россиялык инвестициялардын олуттуу бөлүгү стратегиялык мааниге ээ тармактарга, эң оболу энергетика тармагына багытталган. Россиялык компаниялар энергетикалык инфраструктуранын объектилерин долбоорлоого жана курууга, гидроэлектр станциялары, күн жана шамал электр станциялары үчүн жабдууларды жеткирүүгө жигердүү катышып жатышат. "Инвестиция транспорттук жана логистикалык долбоорлорго келет. Себеби Кыргызстан маанилүү көп жолдордун кесилишинде туруп, логистика боюнча олутуу хаб болуп бара жатат", — деди Саманов.