Жапаров: адилетсиздиктен кабарым бар, бизнеске көп жеңилдик беребиз

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жеке ишкерлерге көңүл бурарын жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлө турганын Элдик курултайда сүйлөп жатканда айтты.
Ал 2030-жылга чейинки өнүгүүнүн улуттук программасынын дагы бир артыкчылыгы чакан жана орто бизнести колдоо экенине токтолду. Максат ар бир адамга келечекке чоң ишеним менен карап адал эмгектенүүгө, татыктуу киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү экенин белгиледи.
Президенттин айтымында, Кыргызстанда кийинки жылы бизнеске көптөгөн жеңилдиктер берилмекчи.
"Азыр ашыкча текшерүүлөргө, айрым учурда адилетсиздикке туш болуп жаткан ишкерлер бар. Алардан кабарым бар. Жаңы жылдан кийин күч түзүмдөрү, салыкчылар менен бизнес-чөйрөсүн чогултуп, биргеликте чечим кабыл алабыз деген планым бар. Бизнеске көптөгөн жеңилдиктерди беребиз", — деди президент.
Мамлекет башчы бул жааттагы статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.
9 айдын жыйынтыгы менен аталган сектордо олуттуу өсүш болуп, 6 41 миллиард сомду түзгөн. Учурда бул жааттагы ишканалардын саны 20 миңге жетсе, бүгүнкү күндө аларда 617 миң адам эмгектенет.
Садыр Жапаров ири курулуштарга сарпталган каражат кайдан түшүп жатканын айтты