БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын делегаттарына кайрылып, трибунага чыкканда сөзүн бийликти мактагандан баштабай, ток этер жерин айтууга чакырды.
"Бийликти мактабагыла, биз ага муктаж эмеспиз. Эгерде мактасаңар оппозиция менен НПОлорго дагы кудай берет. Мына, "дүжүрлөрдү" чогултуп алыптыр, атайын мактатты дешет. Андайга "повод" бербегиле", — деген президент.
Ал жер-жерлердеги элдин залда отургандарды маселени айткыла деп шайлагандыгын эске салды. Ошондой эле ал курултайда айтылган сын-пикир үчүн куугунтук болбой турганын белгилеген.