БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. The Telegraph гезитинин окурмандары Владимир Зеленскийдин рождестволук кайрылуусунда кимдир бирөөгө өлүм каалаган билдирүүсүн кызуу талкуулап жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бул рождестволук кайрылуу үчүн таң калычтуу билдирүү. Анын Нагор насаатын окубаганы даана көрүнүп турат", — деп жазган Жон Конор аттуу окурман.
Ал эми Rep Trust деген ысым менен катталган адам "алсыз, жеңилген жана ачууланган лидердин сөзү болду" деп сыпаттаган. Мындай ойду ичте сактоо туура болмоктугун айткандар да болду.
"Эки жүздүү кылмышкер", — деп жазды Стюарт Уилиамс.
Буга чейин Зеленский рождестволук куттуктоосунда кимдир бирөөнүн "жок болушун" (же "өлүп калышын") каалап, бул майрамда бардык украиналыктардын каалоосу ушул болорун белгилеген. Ал сөзү кимге арналганын ачыктаган эмес.
Украинада Рождество расмий түрдө (дем алыш күн болот) Батыш менен бирге жаңы Юлиан календары боюнча 25-декабрда белгиленет. Тиешелүү мыйзамга Зеленский 2023-жылдын июль айында кол койгон.