БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Украинанын калкынын 90 пайыздан ашыгы өлкөдөгү коррупциянын көрсөткүчүн жогору деп баалашууда. Ал эми дээрлик 40%ы Владимир Зеленскийди өзүнүн айланасындагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп эсептешет. Бул тууралуу РИА новости Украинанын SOCIS изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоого таянып жазды.
Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, респонденттердин 54,8%ы Украинадагы коррупциянын көрсөткүчүн өтө жогору, 36,4%ы – жогору, 6,6%ы – орточо, 0,8%ы төмөн деп баалашкан.
Жалпысынан эки миң респондент сурамжылоого катышкан.
"Ал эми Владимир Зеленскийди жоопкерчиликке тартуу боюнча сурамжылоого катышкандардын 31,1%ы "ооба, ал күнөөлүү жана сот алдында жооп бериши керек" деп жооп беришкен. Дагы 28,4%ы "ал саясий жоопкерчилик тартууга тийиш жана кийинки мөөнөткө талапкер болууга укугу жок" дешкен. 30%ы "анын күнөөсүн далилдеген фактылар жок, ошондуктан кайрадан талапкер боло алат" деген пикирин билдирген. Ал эми 11,6%ы бул суроого жооп бере алышкан эмес" – деп жазылат маалыматта.