АКШдан Украинадагы абалды 90 күндө жөнгө салса боло турганын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. АКШдагылар эгер Украинадагы кармаш жыйынтыкталса, анда ал жакынкы 90 күндүн ичинде аякташы мүмкүн. Бул туурасында АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде бүтө турган болсо (согуш — ред.), анда 90 күндүн ичинде аяктайт", — деген ал Fox News телеканалына берген интервьюсунда.
Буга чейин Уитакер Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүгө катышкандар 20 пунктулук тынчтык планын кошкондо төрт документти талкуулаша турганын билдирген эле. Алардын ичинде коопсуздукту ар тараптан камсыздоо кепилдиги жана АКШ тарабынан болгон коопсуздук кепилдиги жана тынчтыкка жеткенден кийинки экономикалык гүлдөп-өнүгүү кадамдары барын да белгилеген.
Мунун алдында Америка президентинин чабарманы Стив Уиткофф Украина делегациясы менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берген. АКШ, Украина жана Европа өкүлдөрү Кошмо Штаттардын Киевге караган коопсуздук кепилдигин, Украинанын калыбына келишин талкуулагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин ЖМКлары Киевдин сунуштаган тынчтык планын жарыялашты. Эмнелер камтылды